Биз менен байланышыңыз

Греция: Коронавирустан өмүр менен коштошкон алгачкы жагдай катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 439 | 0

Грецияда коронавирустан каза тапкан алгачкы жагдай катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, каза тапкан жаран 66 жашта болгон. Ал ажылык үчүн Египет, Израилге барып, февралдын соңунда Грецияга келген.

Буга чейин өлкөдө ооруга чалдыккан адамдардын саны 100гө чукулдаган.

Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Коронавирус пандемия деп жарыяланды

Copyright © 2017 Maral FM