Биз менен байланышыңыз

Грецияда эки орус деңизчиси 253 жылга эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 916 | 0

Греция соту орус деңизчилерин өлкөгө мигранттарды мыйзамсыз алып өтүү жана башка кылмыштарга катыштыгы бар деп тапты. Бирок алар күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

Грецияда орусиялык Константин Семенов жана Иван Возниковцев мигранттарды мыйзамсыз алып кирүү, адам сатуу жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен 253 жылга эркинен ажыратылышты.

Грецияда мындай кылмыштары үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү айыпталуучулар мыйзамсыз алып кирген мигранттардын санына жараша аныкталат. Семёнов менен Возниковцевдин окуясында 20дан ашык мигрант эскерилген.

Соттолуучулар Түркияга жумушка келгендигин жана туристтерди ташууга катышарын айтышкан.

Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык комитеттин Орусиядагы бөлүмүнүн башчысы Иван Мельников: 

-Алар деңизге жөнөшкөн, бирок яхта бир нече жолу бузулуп калгандан кийин жумуш берүүчүгө кабар беришкен. Иш берүүчү аларга жардам жөнөтүлөрүн билдирген, бирок көмөктүн ордуна мигранттарды мыйзамсыз ташыган кайыктар келип калган. Жумуш берүүчү кемечилерди коркуткандан кийин, алар мигранттарды кемеге отургузууга аргасыз болушту, — дейт.

Сотто айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

Copyright © 2017 Maral FM