Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 42ге жетти

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 708 | 0

Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиянын Измир шаарында жер силкинүүдөн каза тапкандардын саны 42 кишиге жетти. Алардын бирөөсү сууга чөгүп кеткен. Түрдүү жаракат алгандардын саны 886ны түздү. 229 адам азыркы убакта медициналык кызматкерлердин жардамын алууда. Бул тууралуу Түркиянын Кырсыктар жана чукул кырдаалды тескөө башкармалыгы маалымдады.

Азыркы тапта Измир шаарынын 9 имаратында издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Жер силкинүүдөн кийин өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган кырсык болгон жерге баргандыгы кабарланды.

АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, 30-октябрдагы силкинүүнүн магнитудалык күчү 6,9 баллды тузүп, 16,54 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде жайгашкан. Натыйжада, Измир шаарында бир топ имарат кыйрап, ал эми Сеферихисар аймагында суу ташкыны болду.

Ошондой эле жер силкинүү Түркиядага гана эмес, Грекия аймактарында да байкалып, Самос аралында 2 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM