Биз менен байланышыңыз

Коронавирус пандемия деп жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 2445 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялады. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус маалымдаган.

12-мартка карата, COVID-19 вирусун 126 миңден ашуун киши жуктурду. Алардын 4 миң 600дөн ашыгы каза болду. Коронавируска кабылгандардын 45 700дөн ашыгы Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде. Вирустун очогу болгон Кытайда коронавирустун жайылышы басаңдап, абал турукташып калды. Соңку 1 жумадан бери ооругандардын саны 80 миңден ашкан жок.

Ал эми Европада коронавирус кулачын жаюуда. Алсак, Италияда абал курч, 12 462 адамдан коронавирус аныкталса, алардын 827си илдеттин кесепетинен өлүмгө дуушар болушкан. Франция менен Германияда да абал оорлошуп барат.

Пандемия — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия. Пандемия илдеттерине:

  • Кара тумоо (чума)
  • Келте
  • Грипп
  • ВИЧ инфекциясы кирет.

Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар катталган эмес.


Трамп Европа элине Америкага кирүүгө тыюу салды

Copyright © 2017 Maral FM