Биз менен байланышыңыз

Трамп европалыктарга Америкага кирүүгө тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 580 | 0

АКШга Европа өлкөлөрүнөн келген адамдардын кирүүсүнө тыюу салынды. Мындай чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кабыл алып, аны коронавирустун жайылышына тоскоолдук кылуу аракети деп түшүндүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Улуу Британиядан башка бардык Европа өлкөлөрүнөн болгон адамдар Америкага убактылуу кире албайт. Бул чектөө 13-марттан тарта күчүнө кирет.

Президент Европа биримдиги эпидемияны эскертүү боюнча эффективдүү чараларды көргөн жок деп белгилеген. Учурда АКШда 1281 кишиде вирус табылса, алардын 37си көз жумган.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги бул чектөөлөр Шенген визасын колдонгон жарандарга тиешелүү экенин түшүндүрдү. Ал эми Америкада туруктуу жашоого укугу бар адамдарга жана алардын жакындарына тиешелүү эмес.

Белгилей кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялады.

12-мартка карата, COVID-19 вирусун 126 миңден ашуун киши жуктурду. Алардын арасынан 4 миң 600дөн ашыгы каза болду. Коронавируска кабылгандардын 45 700дөн ашыгы Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде.


Коронавирус пандемия деп жарыяланды

Copyright © 2017 Maral FM