Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө кемелердин суу астындагы алгачкы музейи ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 683 | 0

Суу астындагы кемелердин биринчи музейи Грециянын Алонисос аралынын жанында ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Музей «Чөккөн кемелердин Парфенону» деп аталат. Анда 20 метрден ашуун тереңдикке чөгүп кеткен байыркы кемеден амфоралар (байыркы грек буюмдары) чагылдырылган.

Музей 3-августтан 2-октябрга чейин ачык болот. Сууга түшүүнү билбегендер Alonisos маалымат борборунан виртуалдык көргөзмөлөрдү көрө алышат.

Чөккөн кеме Халкидикиден (Грециянын түндүгүндөгү жарым арал) Скопелос аралына чейин миңдеген буюмдарды ташып бараткан. Кеме биздин заманга чейинки 425-жылы деңиздеги бороон-чапкын учурунда чөгүп кеткен деген божомол бар. Аны 1985-жылы грек балыкчылары табышкан.

Адистердин айтымында, кеме өз мезгилиндеги эң ири кемелердин бири болгон. Кеме чөгүп кеткенде, дээрлик бардык идиштер жабыркаган, бирок эксперттер аларды оңдоп беришкен.

Греция өкмөтү дагы 4 суу астындагы музей ачууну пландап жатат. Музейлер пандемия учурунда катуу жабыркаган туризм тармагына чет өлкөлүктөрдү көбүрөөк тартууга жана өлкөнүн бюджетин толуктоого жардам берери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM