Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда музейлер ассоциациясын түзүү демилгеси айтылды

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 524 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өлкөдөгү музейлердин жетекчилери менен жолукту. Анда Кыргызстанда музейлер ассоциациясын түзүү демилгеси айтылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жасалып жаткан иш-аракеттер жана мындан ары жасалуучу кадамдар тууралуу маселелер талкууланды.

Талкуу учурунда Кыргызстанда музейлер ассоциациясын түзүү, ушул жылы Орусияда өтүүчү эл аралык «Интермузейге» фестивалына жогорку деңгээлде катышуу, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар, аймактардагы маданий мурастар, тактап айтканда, саймалуу таш, петроглофтерди кароо, анын корголушун көзөмөлгө алуучу атайын инспектор штатын ачуу жана методикалык борбор ачуу демилгелери айтылды.

Ошондой эле министр Кайрат Иманалиев музейлердин негизги миссиясы — элдин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоо, көбөйтүү жана келечек муундарга жеткирүү аркылуу даңазалоо биринчи кезекте экендигине токтолду. Мындан улам ал музей чөйрөсүн өнүктүрүү, экспонаттардын жана эмгектердин жарандар үчүн жеткиликтүү болуусу үчүн экспонаттарды санариптөө, каталог түзүү, аудиогид системасын киргизүү, портал иштеп чыгуу жана маркетинг иш-аракеттерин күчөтүү керектигин белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы 118 музей бар. Мамлекеттик музейлердин саны – 58; министрликтин бюджетинен каржыланган музейлердин саны — 29; ал эми жергиликтүү бийликтен каржыланган музейлердин саны — 29ду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM