Биз менен байланышыңыз

2018-жылы театрга 175 миң адам келген

Улуттук статистикалык комитет 15-апрель — Эл аралык маданият күнүнө карата Кыргызстандагы маданий мекемелердин 2018-жылдагы абалы тууралуу маалымат берди.

2018-жылдын 1-январында карата жүргүзүлгөн статистикада республикабызда 20 драма театры, 67 музей, 39 парк бар экени белгилүү болгон.

Атап айтсак, Бишкекте — 8, Жалал-Абадда — 3, Ошто — 2, Нарында — 2, калган облус борборлорунда бирден драма театр иштеп жатат. 2018-жылдагы алынган маалыматка ылайык, 175 миң адам спектакль көргөнү, ал эми 139 миң адам концерт көргөнү, 814 миң адам музей көргөнү барган.

Copyright © 2017 Maral FM