Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Курманжан Датканын музейинен кабар алды

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 670 | 0

18-февралда Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө.

Көчмө жыйындын алкагында комитет мүчөлөрү Гүлчө айылындагы Курманжан Датканын музейинде болуп, тарыхый-маданий жайдын абалынан кабар алышты.

Белгилей кетсек, аталган музейде Курманжан Датканын колдонгон буюмдарынан баштап, уулдары Камчыбек менен Абдылдабектин кымкап чепкендерине чейин сакталган.  Улуу Жибек жолундагы бул музейди Памир тоолоруна саякат кылып келген туристтер кызыгып, көрүп кетишет. Мындагы бир топ экспонаттарды жергиликтүү тургундар алып келип беришкен. Анткен менен музейдеги негизги көйгөй чатырынын эскилигинде болууда. Катуу жамгыр жааганда чатырынан суу агып, чака менен тоскон учурлар болот дешет музей кызматкерлери.  Депутаттар бул маселени чечүүнү Өкмөттүн тийиштүү өкүлдөрүнө тапшырды.

Ошондой эле комитет мүчөлөрү Алай районундагы Арпа-Тектир, Корул, Тогуз-Булак айылдарындагы мектептердин абалынан кабар алышты. Алсак, Тогуз-Булак айылында жайгашкан Бекташев атындагы орто мектепте көмүр жок, класстык бөлмөлөр суук экени белгилүү болду. Мектеп директору берилген көмүр түгөнгөнүн айтып, жагылган көмүрдүн да сапаты начар болгонун билдирди. Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова маселени тез арада чечүү керектигин белгилеп, көмүрдүн сапаты боюнча тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM