Биз менен байланышыңыз

Алайдагы памирлик кыргыздарга 400 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 1681 | 0

Кечээ, 29-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Алай районуна караштуу Сары-Могол айылындагы Памирден келип жайгашкан этникалык кыргыздардан кабар алды. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Памирден келген этникалык кыргыздарга 250 миң сомдук күнүмдүк жашоого керектелүүчү тамак-аш азыктары, үй буюмдары, жылыткычтар жана кийим-кечелер берилди.

Мындан сырткары 150 сомдук сомдук төшөк-көрпөлөрү жана килемдер берилип, жалпы 400 миң сомдук каражат сарпталды.

«Узак жолдон келген бир туугандарыбызга көмөктөшүү шарияттын буйруктарынан. Учурда алардын шарттары мыкты болбосо дагы жашаган жери жылуу экен. Кудай буюрса, мындай кайрымдуулук иш-чараларды дагы да улантабыз», — деди Самидин кары Атабаев.

Ушул жылдын 23-декабрь күнү Өкмөт 11 үй-бүлөдөн турган 50 памирлик кыргызды Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM