Биз менен байланышыңыз

Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 424 | 0

УКМКнын экспедициялык тобу Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди.

Атайын топ гуманитардык жардамды Ооганстандын өзүнөн сатып алып, жүктү Тажикстан бийлигинин уруксаты менен мурда колдонулуп келген коридор аркылуу алып өтүштү.

Ооган кыргыздарына жеткирилген негизги азыктын жалпы көлөмү 95 тоннаны түздү.

Ошондой эле этникалык кыргыздардын Ооганстан аймагында эркин жүрүүсү, кыргыз бийлигинин жардамын тоскоолдуксуз кабыл алдыруу боюнча натыйжалуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM