Биз менен байланышыңыз

Өкмөт памирлик кыргыздарга 5 млн сомдук гумжардам жеткирди (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 1088 | 0

Кыргыз Өкмөтү Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга жардам берди. Гуманитардык экспедицияда памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана жашоого керектелүүчү товарлар жеткирди. Бул үчүн Өкмөт 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Экспедиция курамындагы дарыгерлер элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү. Мындан тышкары экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундарынын балдарына Кыргызстанда билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Памирлик кыргыздар колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн Кыргыз бийлигине жана элине ыраазычылыктарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM