Биз менен байланышыңыз

Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери бөлүндү

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 569 | 0

Оштун Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

“Аркус” жана “Кутаалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди берген.

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.

Copyright © 2017 Maral FM