Биз менен байланышыңыз

Грецияда мигранттар жашаган лагерь өрттөнүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 682 | 0

Грециянын Лесбос аралындагы эң ири мигранттардын лагери Мориада ири көлөмдөгү өрт чыкты. Лагерде коронавирус менен ооругандар дагы болгон.

Маалыматтарга караганда, лагердеги адамдар эвакуацияланган. Чатырлар жана идиштер күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Жабыркагандар жок.

Мориа лагеринде 12 миңден ашуун мигрант жашаган. Ал начар шарттарынан улам гуманитардык уюмдар тарабынан сынга алынган.

Өткөн жумада мигранттардын биринен коронавирус табылгандан кийин мекеме карантинге алынган. Илдет илештиргендердин саны 35ке жеткен.

Лесбос губернаторунун орун басары Арис Хатзикомнинос жергиликтүү радиого билдиргендей, лагер толугу менен талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM