Биз менен байланышыңыз

Айыл тургуну: Тажик чек арачылары кыргыз айылында эмнеге жүрөт? (видео)

Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 2144 | 1

Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстанга чектеш жеринде кошуна өлкөнүн чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип, ээн-эркин жүргөн факты катталды. Муну жергиликтүү тургун видео тасмага тартып, “Чек ара” коомдук бирикмесине жиберди. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн түштөн кийинки сааттарда Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Овчу айылында катталган.

Тасмада көрүнүп тургандай, жергиликтүү тургун алардын эмне себептен жүргөнүн сураганы барганда, тажик аскерлери качып, чек арасына өтүп кеткенин көрүүгө болот.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургундун айтымында, тажиктин эки чек арачы аскери Кыргызстандын чегине кирип келип, дөңгөлөктөрдү өрттөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM