Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан ЕАЭБге кошулуу үчүн арыз бере элек

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 619 | 0

Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуу боюнча Өзбекстандан же башка мамлекеттерден расмий түрдө арыз түшө элек. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин маалымдаганын Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Анын айтымында, Ташкентте айрым ишкерлер ЕАЭБге кошулуунун пайдалуу жактарын белгилеп келишет. Товарлардын бирдиктүү рыногуна, жумуш күчүнө, кызмат көрсөтүүгө жана капиталга жол ачылат, мындан тышкары, биримдиктин технологиялык, транзиттик-транспорттук жана инвестициялык дарамети бар экендигин айтат дипломат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев январдын аягында өлкө ЕАЭБде байкоочу макамын алууга даяр экенин билдирген. Александр Панкин бул кадам Өзбекстандын уюмдун толук кандуу мүчөсү болушуна жол ачат деп эсептейт.

Учурда Өзбекстанда ЕАЭБге кошулуу боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Уюмга кирүү көз карандысыздыкка коркунуч алып келиши мүмкүн деп эсептегендер да бар.


Мирзиёев Орусияга болгон сапарын токтотту


Буга чейин Мирзиёев президенттик кайрылууда да сырткы саясатка аралашууга өзгөчө көңүл бурууга чакырган. Өзбекстандын президенти ЕАЭБ тууралуу айтып жатып:

-Биз бир жылдан ашык убакыттан бери бул маселени изилдеп келебиз. Мамлекеттин келечегин, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чечим чыгарабыз. Депутаттар менен сенаторлор бул маселени терең талдап, оң-терс тарабын изилдеп чыгуусу зарыл. Соңунда алар кандай чечишсе, ошондой болот. Биримдикке кошулуу керек болсо, кошулабыз, болбосо жок, — деген.  Ошондой эле, сырткы саясатта кайсы тараптан пайда көбүрөөк болсо, ошол мамлекеттер менен келишим түзүү кажеттигин белгилеген.


Мирзиёев: «Биз ЕАЭБге кирбейбиз»


Октябрда АКШнын Соода министри Уилбур Росс Өзбекстандын ЕАЭБге кирүүгө умтулуусу өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу процессин кыйындатарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM