Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: «Биз ЕАЭБге кирбейбиз»

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 3718 | 1

Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдигине кирбейт. Бул тууралуу өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев кечээ, 20-январда Өзбекстандын Олий Мажилисинде жаңы өкмөттүн биринчи отурумунда билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кирүү боюнча өзүнүн пикирин айтып өттү:

«Биздин көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөдө иштеп келет. Маселен, Казакстан, Орусия сыяктуу. Биз буга көңүл кош карай албайбыз. Бир нерсени эске түйүп алгыла. Эч ким эч качан эч кимге эгемендүүлүк алып бербейт. Көз карандысыздык эл ишенип жаткан өлкө башчынын колунда»,- деди Мирзиёев.

Өлкө башчысы Өзбекстанда АКШ бөлгөн 2 млрд долларга жер-жемиштерди жана мөмө-жемиштерди өндүрүү процесси башталганын билдирди.

-Биз даяр продукцияны каякка жөнөтөбүз. Бизди ким күтүп турат? Туура, Европада кымбатыраак, ошентсе да бир стандартка салышыбыз керек,- деди.

Шавкат Мирзиёев байкоочу – бул мүчө дегендик эместигин белгиледи.

-Биз байкоочу катары союздун кандай плюс минустары бар экендигин карайбыз. Биз Владимир Владимирович менен Санкт-Петербургда көп нерсеге макулдаштык. Кам санабаңыздар, биз кандай кадамга барбайлы, дайыма элдин кызыкчылыгын эске алабыз,- деп сөзүн жыйынтыктады президент.


 Эгер Өзбекстан ЕАЭБге кирсе, Кыргызстанга кандай таасири тиет?


Буга чейин Орусия Федерациясынын эл аралык маселелер боюнча Кеңеш комитетинин төрагасынын орун басары Фарит Мухаметшин, Өзбекстандын ЕАЭБде байкоочу болуу статусу 2020-жылы чечилерин билдирген болчу.

Олий Мажилисте Сенат төрагасынын орун басары Садык Сафаев, Өзбекстан 3 жылдан бери ЕАЭБге кошулуу маселесин изилдеп келет жана эч бир өлкө Өзбекстанга бул маселе боюнча кысым көрсөтө албай турганын белгиледи.


Эксперт: Өзбекстан 1-2 жылга жетпей ЕАЭБге кошулат

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    21.01.2020 22:08

    Мирзаев эн туура ЕАЭБке шашпай кириш керек.Кыргызстан ЕАЭБке член болбой турганда башка олколор менен соода жакшы болгон. Биринчи автоунаа, экинчи кытай товарлары, эконмикага секрик жасатты.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM