Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Өзбекстан 1-2 жылга жетпей ЕАЭБге кошулат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 1016 | 0

Өзбекстан 1-2 жылга жетпей ЕАЭБге кошулат. Бул тууралуу медиа-эксперт Кубан Абдымен «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Менин баамымда Өзбекстан жакынкы аралыкта ЕАЭБге кошулат. Бул биз күткөндөн да тез болушу мүмкүн. Себеби, Матвиенко Ташкентке келгенде, «Өзбекстан ЕАЭБге кошулат»-деп дароо эле айтты. Бул жерде «кааласа да, каалабаса да» кошулууга аргасыз дегендей ойду кыйытты».

Анын айтымында, эгер Өзбекстан Евразиялык экономика биримдигине кошулса, Тажикстан да аргасыздан аталган биримдикке мүчө болот.

«Тажикстандын жалпы карызы Кыргызстандын береселерине караганда азыраак. Мындан улам, тажик тараптын ЕАЭБге кошулуусу пайдалуу. Белгилей кетсек, Тажикстандын тышкы карызынын 60% Кытайга таандык. Анын айынан өлкө алтын кенди башкарууну толугу менен кытайлыктарга өткөрүп берди. Бул жагынан Кытайдын таасири күчтүү экенин сезген Тажикстан “башкалар да бизге баланс болсун” деген максатта ЕАЭБге кошулууга аргасыз болот», — дейт Абдымен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM