Биз менен байланышыңыз

 Эгер Өзбекстан ЕАЭБге кирсе, Кыргызстанга кандай таасири тиет?

Без рубрики | 18 Окт 2019 | 538 | 0

Өзбекстандын Евразиялык Экономикалык Биримдигине кирүү ниети бар экени айтылып, бул кабар талкууга алына баштады. Бирок талдоочулар кошуна өлкөнүн мындай кадамга баруусу Кыргызстан үчүн пайдалуу болбостугун эскертишүүдө.

Айрым экономисттер Кыргызстандын ЕАЭБне мүчө болгону Өзбекстан үчүн кайсы бир деңгээлде пайдалуу экенин айтышат. Себеби Өзбекстан Кыргызстан менен кызматташып, ишкана ачып ЕАЭБ базарларына чыгуусуна жол ачылат деп эсептешет.

Аны менен бирге Өзбекстанда тамак-аштын баасы арзан болгондуктан, экспорттоо жеңил болот. Ошол себептен атаандаштык күч ала турганын Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев айтты.

-Өзбекстанда тамак-аштын баасы арзан, ошондуктан атаандаштык пайда болот. Биздин дыйкандар, ишкерлер товарын сата албай калуу коркунучу бар. Анан түштүк региндорго көбүүрөөк таасири тиет. Баары мыйзам чегинде болсо, биз эч нерсе дей албайбыз. Буга эми чара көрүүбүз керек.

Айыл-чарба боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, өзгөчө айыл чарба тармагына өтө чоң таасирин тийгизээрин айтып, ал  ЕАЭБге мүчө болгон менен өндүрүш жок, техникалык каражат жетишсиз болгону өкүндүрөт дейт.

ЕАЭБ шарт түзүп жатат, бирок биз мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатабыз. Ал эми Өзбекстан өлкөсү соода тармагы боюнча бир топ алдыда, ошндуктан алар ЕАЭБди жакшы түшүнүп жатат. Биз өзүбүз товарды сыртка сата албай жатабыз. Ошол биздин эң чоң көйгөйүбүз. Техникалык каражаттыбыз жок болсо,өндүрүш жок болсо кайдагы экономика. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү былтыр  $ 481 млн түзгөн. Ал эми  экспорту $ 348,2 млн түзгөн, импорттун үлүшү — $ 132.8 млн. долларга жеткен.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM