Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Орусияга болгон сапарын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 6493 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 5-февраль күнүнө белгиленген Москвага болгон визити токтотулду. Мындай маалыматты «Компания» журналы бийликтеги ишенимдүү булактарына таянып жазды.

График боюнча февраль ичинде мындай визит жоктугун Орусиянын ТИМи да ырастаган.

Мирзиёевдин Орусияга болгон сапары эмне үчүн токтотулганы, же белгисиз мөөнөткө артка жылдырганы боюнча так себеп айтылган эмес. Ошентсе да, эксперттер арасында бул сапардын жылдырылышына Ташкенттин ЕАЭБге кирүү зарылдыгына болгон шеги себеп деген пикирлер жаралды.

Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков бул сапар тууралуу сөз болбогондугун, визит токтотулду деген сөздөр туура эместигин айтты. Ал эми, буга чейин  Шавкат Мирзиёевдин февраль айында Орусияга боло турган экинчи жолку сапары тууралуу ТИМдин орун басары маалымдаган болчу. Бирок, визит болбой турганы аныкталды. Анын артка жылдырылышы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Визитти артка жылдыруунун формалдуу себеби 21-23-июлда Санкт-Петербургда өтүүчү ШКУ саммитинде айтылышы толук мүмкүн. Бирок, чыныгы себеби – Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү келишими жоктугу экени айтылууда.

2-февраль күнү Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов “ЕАЭБ тууралуу суроолор көп” экендигин белгилеген.

Буга чейин Мирзиёев президенттик кайрылууда да сырткы саясатка аралашууга өзгөчө көңүл бурууга чакырган. Өзбекстандын президенти ЕАЭБ тууралуу айтып жатып:

-Биз бир жылдан ашык убакыттан бери бул маселени изилдеп келебиз. Мамлекеттин келечегин, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чечим чыгарабыз. Депутаттар менен сенаторлор бул маселени терең талдап, оң-терс тарабын изилдеп чыгуусу зарыл. Соңунда алар кандай чечишсе, ошондой болот. Биримдикке кошулуу керек болсо кошулабыз, болбосо жок,— деген.  Ошондой эле, сырткы саясатта кайсы тараптан пайда көбүрөөк болсо, ошол мамлекеттер менен келишим түзүү кажеттигин белгилеген.


Мирзиёев: «Биз ЕАЭБге кирбейбиз»


Октябрда АКШнын Соода министри Уилбур Росс, Өзбекстандын ЕАЭБге кирүүго умтулуусу өлкөнүн “Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу процессин кыйындатарын” айткан.

Эске салсак, 3-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео расмий визит менен Ташкентте болду. Ал бул сапарында, АКШ Өзбекстанды көз карандысыздыгы, суверенитети жана аймактык коопсуздугу жагынан колдоого аларын, Вашингтон  Мирзиёевдин реформасын колдоо үчүн 100 миллион долларга жакын өлчөмдө каржылай жардам бөлөрүн билдирди.

Андан сырткары, постсоветтик өлкөлөрдөн Украина, Белорусия, Казакстан өлкөлөрүнө сапар жасаган америкалык катчы Кыргызстанга келген жок.

Copyright © 2017 Maral FM