Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-герман кызматташтыгынын коопсуздук тармагындагы маселелери талкууланды

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 345 | 0

Берлин шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германиянын Коргонуу министрлигинин мамлекеттик катчысы Петер Таубер менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар аскер чөйрөсүндөгү, регионалдык коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Петер Таубер Кыргызстандын аскер чөйрөсүндөгү өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууга, тренингдерди өткөрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM