Биз менен байланышыңыз

Трамптын импичмент иши Сенатка жөнөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 738 | 0

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенаттын кароосуна жөнөттү.

Трамп буга чейин бир нече ирет демократтарды президентти айыптоо ишин кароо үчүн Сенатка өткөрбөй жатканын айтып, сындап келген.

Эми сенаторлор Трамп ага тагылган айыптар боюнча күнөөлүү, же күнөөлүү эмес деген чечим чыгарат. Сенатта көптүктү түзгөн республикачылардын лидери Митч Макконнелл бир күн мурда, эгерде Өкүлдөр палатасы ишти өткөрүп берсе, Сенат 21-январдан тарта карап баштарын билдирген.


Трампка импичмент жарыялоо иштери кайра уланат


Учурда Американын президентине каршы 2 айып коюлууда. Биринчиси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, экинчи айыптоо – Трамп өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуусу.

Президентти бийликтен четтетүү үчүн Сенаттын 3төн эки бөлүгү демилгени колдошу керек. Бул жерде чечим бираз башка тарапка оой тургандай. Себеби Сенатта 100 орундун 47син гана демократтар ээлейт. Ал эми көпчүлүктү түзгөн республикачылар мурдагыдай эле Трампты колдоп келишет. Албетте, Трамптын да оңойчулук менен бийликтен кетүү ниети жок.

Copyright © 2017 Maral FM