Биз менен байланышыңыз

Трампка импичмент жарыялоо иштери кайра уланат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 497 | 0

АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесин Сенатта кароо 21-январда башталары күтүлүүдө. Бул тууралуу жогорку палатадагы мыйзам чыгаруучулардан көптүктү түзгөн республикачылардын лидери Митч Макконнелл билдирди.

Трамптын аракетинин юридикалык жактан каралып башташы Өкүлдөр палатасынын ишти Сенатка өткөрүп берүүсүнө байланыштуу болот. Өкүлдөр палатасы жакынкы 1-2 күндө ишти өткөрүп берерин айтышкан.

Трамп буга чейин бир нече ирет демократтарды президентти айыптоо ишин кароо үчүн Сенатка өткөрбөй жатканын айтып, сындап келген.

Учурда Американын президентине каршы 2 айып коюлууда. Биринчиси – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, экинчи айыптоо – Трамп өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуусу. Бул айыптоолор демократтар тарабынан 18-декабрда эле кабыл алынган. Алар эми ишти Сенатка өткөрүп берүүсү керек.

Импичмент жарыялоо демилгеси Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн учурдагы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айтууда.

Ал башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, демократтар Трампты «чыккынчылык кылды» деп айыптоодо.

Трамп өзү буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет. Ошондой эле бул эң алсыз импичмент экендигин айтып, анын жүйөлүү себеби да жок экендигин белгилейт.

-Импичмент? Мен мыйзам буза тургандай эч нерсе кылганым жок. Стеннограмманы угуп көргүлө, баары жайында. Анда эч кандай “кызматка кызмат алмашуу” тууралуу сөз болгон эмес. Мен маалыматтын ачык болушун колдойм. Бул маекте кысым көрсөтүү сыяктуу эч нерсе жок,-дейт Трамп.

  1. Импичменттин баштапкы баскычтары Өкүлдөр палатасынын бир же бир нече комитети аркылуу кабыл алынат. Алар күбөлөрдүн катышуусунда коомдук угууларды өткөрүп, керектүү далилдерди топтойт. Жетиштүү далилдери болуп, жараян колдоо тапкан соң, 2-баскычка жөнөтүлөт.
  2. Экинчи баскычта Өкүлдөр палатасы толук курам менен карайт. Жараян кабыл алынышы үчүн көпчүлүк добушка ээ болушу кажет. Тактап айтканда, 218 добуш керектелет. Учурда Трамптын оппоненттери, башкача айтканда, демократтар Өкүлдөр палатасындагы 435 орундун 233үн ээлейт. Демек, Тармпка карата айтылган айыптоолор Конгресс тарабынан эч күмөнсүз кабыл алынды. Мыйзам кабыл алуучулардын 230у колдоп, 197си каршы болгон. Эми импичмент иштери кароо үчүн Сенатка өткөрүлөт.
  3. Бирок акыркы чечим Сенат тарабынан кабыл алынат. Президентти бийликтен четтетүү үчүн Сенаттын 3төн эки бөлүгү демилгени колдошу керек. Бул жерде чечим бираз башка тарапка оой тургандай. Себеби Сенатта 100 орундун 47син гана демократтар ээлейт. Ал эми көпчүлүктү түзгөн республикачылар мурдагыдай эле Трампты колдоп келишет. Албетте, Трамптын да оңойчулук менен бийликтен кетүү ниети жок.

Буга чейинки АКШнын тарыхына көз салсак, бир дагы президент импичмент аркылуу кызматынан четтетилген эмес. Бирок четтетүүгө аракеттер болгон.

Мисалы, 1868-жылы Конгресс президент Эндрю Жексонду бийликтен четтетүүгө аракет кылган.

1998-жылы Билл Клинтонго импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн. Бул чечимдер Сенаттан ары өтпөгөндүктөн эки президент тең баалуу креслосун сактап кала алган.

Ал эми Ричард Никсон импичмент процедуралары баштагалганда эле өз эрки менен кызматтан кеткен. Ошентип, ал АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент болгон.

Эгерде учурдагы демилге Сенат тарабынан да колдоо тапса, Дональд Трамп Америка тарыхында импичмент аркылуу бийликтен четтетилген алгачкы өлкө башчы болот.

Copyright © 2017 Maral FM