Импичмент жарыялоо демилгеси Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.
Демократтар Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн учурдагы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айтууда.
Ал башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, демократтар Трампты «чыккынчылык кылды» деп айыптоодо.
Трамп өзү буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет. Ошондой эле бул эң алсыз импичмент экендигин айтып, анын жүйөлүү себеби да жок экендигин белгилейт.
-Импичмент? Мен мыйзам буза тургандай эч нерсе кылганым жок. Стеннограмманы угуп көргүлө, баары жайында. Анда эч кандай “кызматка кызмат алмашуу” тууралуу сөз болгон эмес. Мен маалыматтын ачык болушун колдойм. Бул маекте кысым көрсөтүү сыяктуу эч нерсе жок,-дейт Трамп.