Биз менен байланышыңыз

Лейлек чек арачылары 2 млн сомдук аткез товарды колго түшүрдү

Без рубрики , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 1344 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы Лейлек чек арасынан контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылган фактыны аныкташты.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында чек арачылар Кыргызстандын 1988-жылы туулган Э.И. жана 1985-жылы туулган  М.Ч. аттуу жарандарын Кыргызстандын аймагына контрабандалык жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.

Унааны текшерүүгө алган учурда, ичинен тиешелүү документтери жок 19 тонна кургатылган жемиштер чыккан.

Атайын кызмат тарабынан аткез товардын баасы 2 миллион сом болору аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу жүгү менен кошо  Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM