Биз менен байланышыңыз

«Сулейманини өлтүрүү боюнча АКШ жайында эле чечим кабыл алган»

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 670 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп ирандык генерал Касем Сулейманини жок кылуу буйругун 2019-жылдын жайында эле кабыл алган. Мындай маалыматты NBC жаңылыктар порталы американын админстрациясына шилтеме кылып жазды.

2019-жылдын июнунда иран аскерлери Ормуск кысыгындагы американын учкучсуз учагын атып түшүргөн соң, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча ошол учурдагы кеңешчиси Жон Болтон менен мамкатчы Майк Помпео генерал Сулейманини өлтүрүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Трамп буга АКШ жаранын өлтүрсө гана ушундай кадамга барарын айткан. Бирок, ошол эле учурда Сулейманини жок кылуу үчүн так операцияны түзүү буйругун берген. Белгилүү болгондой, Трамп 27-декабрда АКШнын Ирактагы базасына чабуул жасалып, анда 1 америкалык каза болуп, төрттөө жаракат алган соң, ирандык генералга каршы операцияны ишке ашырууга макул болгон.

Басылма белгилегендей, бул маалымат АКШ америкалык аскерлерди башка чабуулдардан коргоо учүн ирандык генерал Сулейманини өлтүрттү дегенди түшүндүрөт.


Генерал менен коштошууга 2 млн киши келип, 38 адам каза болду [фото]


Эске салсак, 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани мерт болгон.

АКШнын Коргоо министрлиги аба соккусу АКШнын лидери Дональд Трамптын буйругу менен аткарылгандыгын жана бул боюнча АКШ Конгрессине алдын ала маалымдалганын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM