Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагы: ИИМдин орун басары Баткенге барды

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 560 | 0

Баткен областындагы коомдук саясий абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун толук камсыз кылуу, Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте эки тарапта тең түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жана чек ара кызматтары менен бирдикте чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо максатында кайгуул иш-чараларын күчөтүүнү колго алуу жана ички иштер органдарынын ишин координациялоо максатында Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Баткен областына барды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну М.С. га таандык болгон “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Кара участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылына караштуу Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Ш.га таандык болгон “Фольсваген Гольф-4” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, унаанын терезелерин чагышкан.

Аталган маалыматтар Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары, териштирүү, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Таджикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган.

Азыркы учурда ок атуудан жаракат алып кайрылгандар катталган жок. Түнү менен милиция кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары коопсуздук үчүн ошол эле айылда жайгашкан орто мектептин имаратына убактылуу көчүрүлдү.

Аталган окуя болгон аймакта Баткен райондук жана областык милиция кызматкерлери, милициянын атайын полкунун жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын жоокерлери күчөтүлгөн режимде чекара кызматы менен бирдикте коомдук тартипти көзөмөлгө алышып, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Азыркы учурга кырдаал тынч жана толугу менен көзөмөлдө турат.

Copyright © 2017 Maral FM