Биз менен байланышыңыз

Психиатр Виктор Франклдын белгилүү эмгеги кыргызчаланды

Кыска кабар | 6 мая 2024 | 257 | 0

«Китепстан» басма үйү психиатр Виктор Франклдын белгилүү эмгеги “Жашоонун маңызын издеген адам” (Man’s Search For Meaning) аталышындагы китебин кыргызчалады.

Бул тууралуу аталган басма үйдүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев кабарлады.

Китепте нацисттик өлүм лагерлериндеги азаптуу жашоо сүрөттөлөт. Андан руханий бийиктиктин жардамы менен кантип аман калганы тууралуу айтылат.
Франкл китебинде жеке тажрыйбасына таянып, азаптан кутула албаса да, туруштук берип маани-маңызын таап, жаңы максат менен илгери умтулса болорун ырастайт.

Китеп психологдорго, педагогдорго жана жалпы окурман катмарына сунушталат. Чыгарма 24 тилде чыгып, дүйнө боюнча 12 миллион нускадан ашык сатылган. Аны Айсулуу Тынышова которгон.

«Китеп окуу маданияты боюнча Кыргызстан артта калууда»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM