Биз менен байланышыңыз

«Китеп окуу маданияты боюнча Кыргызстан артта калууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Ноя 2023 | 677 | 0

«Дүйнөлүк китеп авторлору жасалма интеллектини кантип колдонсо болорун талкуулап жатат. Кыргызстанда болсо китеп окуу маданияты жөндөп жайыла элек. Кыргызстан кичинекей чөлкөм болгонуна карабастан, дүйнө кайсы жакка баратканын карап турушубуз керек».

Мындай пикирин «Кадам» басма үйүнүн негиздөөчүсү Замирбек Таштемиров «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Кыргызстандагы бир катар басма үйлөрдүн жетекчилери Германиянын Франкфурт шаарында өткөн 75-юбилейлик китеп жарманкесине катышып келишти.

«Мындан беш-алты жыл мурун дүйнө кагаз китептен электрондук китепке ооп кетти деген тренд болгон. Бирок бул жолку дүйнөлүк жарманкеге барганда көргөндөй, дүйнө кайра кагаз китепке өткөнү байкалды. Башкача айтканда, эми мындан ары электрондук китепке өтүп кетебиз го деп ойлоп жатканбыз. Бирок кайра эле кагаз китепке талап бар экен.

Дүйнөлүк деңгээлде эмне сүйлөшүлүп жатат? Быйылкы китеп жарманкенин темасы да жасалма интеллект тууралуу болду. Аны кантип пайдалануу керек, китеп авторлору кантип колдонот? Авторлук укук жактары кандай болот? Ушул маселелер дүйнөдө талкууланып жатат, биз ага жете элекпиз, себеби жасалма интеллектини колдоно элекпиз. Бирок ошого жетүү үчүн дүйнөлүк тенденцияларды карап, бир нерсе үйрөнүү үчүн мындай жарманкелерге катышуу пайдалуу» , — деди Замирбек Таштемиров.

Басма үйдүн жетекчисинин пикиринде, Кыргызстанда жаштар китеп окуганга кызыгып келе жатат. Бирок китеп окуу маданиятын жайылтуу аракети көбүрөөк натыйжа берүүсү үчүн мектептерде жарым сааттык китеп окуу программасын киргизүү зарыл.

Франкфурт китеп жарманкеси быйыл 75-жолу өттү. Ал дүйнөдөгү бир катар саясий кризистер учуруна туш келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM