Биз менен байланышыңыз

ИИМ Асановдуку делген аудиого жүргүзүлгөн экспертиза боюнча үн катты

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 481 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үнү менен коштолгон аудио жаздырууларга жүргүзүлгөн «фоноскопиялык экспертиза» жөнүндө ИИМ билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, экспертиза кошумча салыштырмалуу материалдары жок жүргүзүлгөн.

Бул экспертизанын корутундусу “Адистин корутундусу” болуп саналат жана мыйзамга ылайык кылмыш иши боюнча далил катары таанылбайт. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө органдары тарабынан тиешелүү экспертизаларды дайындоо жөнүндө маселе чечилүүдө, тактап айтканда «Лингвистикалык» жана «Фоноскопиялык» экспертизаларды салыштырмалуу материалдар менен гана жүргүзүү тиешелүү мамлекеттик эксперттик кызматтарга тапшырылат” , — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материалдар иликтенип жатканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM