Биз менен байланышыңыз

Иран: Миңдеген адамдар маркум генерал Сулеймани менен коштошуп жатышат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 565 | 0

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулейманинин сөөгү бүгүн, 5-январда Иранга алынып келинди. Бул тууралуу ISNA агентиги жазды.

Иран генералы 3-январда Багдад шаарында АКШ лидери Дональд Трамптын буйругу боюнча абадан урулган соккудан каза тапкан. Учурда Ирандын түштүк-батышында жайгашкан Ахваз шаарында миңдеген адамдар маркум генерал Касем Сулеймани менен коштошуп жатышат.

Коштошуу зыйнатына байланыштуу административдик мекемелер, мектептер жана университеттер иштеген жок.

Жума күнү Пентагон генерал Сулеймани Багдаддын аэропортуна жакын аймакта  америкалык аскерлердин авиа соккусунан өлгөнүн кабарлаган.

АКШнын Коргоо министрлиги аба соккусу АКШнын лидери Дональд Трамптын буйругу менен аткарылгандыгын жана бул боюнча АКШ Конгрессине алдын ала маалымдалганын билдирген болчу.

Касем Сулейманинин сөөгү 7-январда Керман шаарында жерге берилет.

Copyright © 2017 Maral FM