Биз менен байланышыңыз

Иранда парламенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 895 | 0

Бүгүн, 21-февралда Иранда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анда 290 орунга 7100 талапкер ат салышууда.

Эгерде катаал линиянын тарапташтары болгон консерваторлор парламентте көпчүлүк орунду ээлесе, эксперттер Тегеран менен Вашингтондун чыңалуусу күч аларын белгилешет .

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ жана Европа өлкөлөрү менен диалог түзүүнү колдойт. Ал эми консерваторлор анын саясатын сындап келет. Роухани өлкөгө болгон экономикалык санкцияларды азайтуу үчүн Ирандагы өзөктүк программаны артка кайтаруу боюнча ири державалар менен болгон 2015-жылдагы келишимди ишке ашырууга бир топ аракетин жумшады.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бир тараптуу эле өзөктүк келишимден чыгып кеткен соң, кайрадан Иранга болгон санкцияларды күчөткөн. Роуханинин бийлигин колдоочулар, реформанын тарапташтары, саясий ишмерлер эки тараптын каршылыгынын ортосунда калууда.

Copyright © 2017 Maral FM