Биз менен байланышыңыз

Байден: АКШ Иранга карата киргизилген санкцияларын алып салбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1066 | 0

АКШ президенти Жо Байден Иран уран өндүрүүсүн токтотпосо, салынган санкциялар алынбай турганын жарыялады.

«Санкциялар алынышы үчүн Иран адегенде уран өндүрүүнү токтотушу зарыл», — деди ал.

Буга чейин Байдендин администрациясы тиешелүү шарттарды аткарса, Иран менен өзөктүк келишимге кайтууга даяр экендигин маалымдаган.

Ирандын руханий лидери Али Хаменеи Иран өзөктүк келишимди аткаруу үчүн АКШ санкцияларды жокко чыгарышы керектигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM