Биз менен байланышыңыз

АКШнын 12 штат өкүлү Байденди сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 613 | 0

АКШнын 12 штатынын расмий адамдары президент Жо Байденди элдин ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында кол койгон жарлыгы үчүн сотко берди. Бул тууралуу «Fox News» телеканалы билдирди.

Миссури штатынын башкы прокурору Эрик Шмитт берген сот ишине Арканзас, Аризона, Индиана, Канзас, Монтана, Небраска, Огайо, Оклахома, Түштүк Каролина, Теннесси жана Юта штаттарынын башкы прокурорлору кошулду. Алардын айтымында, президенттин жарлыгы бийликти бөлүштүрүү принцибин бузат, анткени ал федералдык көзөмөлдөөчү органдардын ыйгарым укуктарын кеңейтет.

Сотко кайрылуучулардын айтымында, ыйгарым укуктардын мындай кеңейиши экономикага олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

Байдендин жарлыгы АКШ федералдык өкмөтүнө парник газдарынын эмиссиясынын көрсөткүчтөрүн бекитүү укугуна кепилдик берет, анын негизинде федералдык жөнгө салуучулар жаңы эрежелерди өзгөртүп, киргизе алышат. Сотко кайрылган штаттык чиновниктердин айтымында, бул федералдык көзөмөл органдарына «америкалыктардын жашоосунун ар кайсы жагына: автоунааларынан баштап, муздаткычтарына жана үйлөрүнө чейин, тамак-аш жана электр энергиясы үчүн төлөмдөргө кийлигишүүгө» мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM