Биз менен байланышыңыз

Байден Эр-Риядды адам укуктарын бузганы үчүн жоопко тартууну самайт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 905 | 0

АКШ президенти Жо Байден Сауд Аравиянын падышасы Салмонго Эр-Риядды «адам укуктарын бузгандыгы үчүн» жоопко тартарын эскерткенин айтты.

«Мураскор ханзаада менен эмес, падыша менен сүйлөштүм. Мен ага эрежелер өзгөрүп жаткандыгын, бүгүн жана дүйшөмбүдө олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө жарыялай тургандыгыбызды түшүндүрдүм. Биз аларды адам укуктарын бузгандыгы үчүн жоопко тарткыбыз келет», — деди Байден «Univision» каналына.

«Эгер Эр-Рияд биз менен иштешкиси келсе, анда адам укуктарын сыйлашы керек», — деп кошумчалады ал.

«CNNдин» маалыматына ылайык, АКШнын Улуттук чалгындоо агенттиги Түркиядагы журналист Жамал Кошикчини өлтүрүү операциясын Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы жеке жактырган деп эсептейт.

АКШнын чалгындоо кызматынын Конгресске берген отчетунда: «Биздин баамыбызда Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммад ибн Салман Стамбулда саудиялык журналист Жамал Кошикчини камакка алуу же өлтүрүү боюнча операцияны жактырды», — деп айтылат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жума күнү журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп эсептелген 76 саудиялык жаранга визалык чектөө киргизилгенин жарыялады.

Расмий Эр-Рияд саясатына байланыштуу сын макалалары менен белгилүү журналист Жамал Кошикчи АКШда жашап, «The Washington Post» менен кызматташкан. Ал 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Аравиясынын Стамбулдагы Башкы консулдугуна барганда дайынсыз жоголгон. 20-октябрда Сауд Аравиясынын жетекчилиги журналист консулдуктагы уруш учурунда өлтүрүлгөнүн жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM