Биз менен байланышыңыз

Өкүлдөр палатасы Трамптын аскердик күчүн чектөөнү колдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 692 | 0

АКШ конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трамптын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектөө үчүн добуш берди. Бул резолюция Трамптын каршылаштары болгон демократтар басымдуулук кылган өкүлдөр палатасы тарабынан кабыл алынды.

Бирок аталган документтин мааниси символикалык түрдө эле десе болот. Кабыл алынган документтин мыйзамдуу күчү жок. Резолюция Жогорку палата тарабынан кабыл алынышы керек. Сенатта негизинен президентти колдогон партиялаштары отургандыктан, документтин жеткиликтүү добуш алышы кыйын.

Андан сырткары, АКШ да, Иран да аскердик согуш тууралуу эч кандай маалымат айткан жок.

Белгилеп өтсөк, Иран январдын жетисинен сегизине караган түнү АКШнын Айн аль-Асаддагы базасына ракеталык сокку урду. «КУДС» аскердик бөлүгү бул чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экени белгилеген.


Иран сокку урган АКШнын аскердик базасында 80 адам каза болду


Эске салсак, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси, 62 жаштагы генерал Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам мерт болгон. Иран бийлиги өз учурунда бул аракети үчүн Вашингтондон өч алуу убадасын берген.


Генерал менен коштошууга 2 млн киши келип, 38 адам каза болду [фото]

Copyright © 2017 Maral FM