Биз менен байланышыңыз

Трамп бийликти Байденге иреттүү өткөрүп берүүнү убада кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 1024 | 0

20-январда АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп өлкөдөгү президенттик шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогондугуна карабастан, шайланган президент Жо Байденге бийликти иреттүү түрдө өткөрүп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Капитолийдеги баш аламандыктын жана Вашингтондогу коменданттык саат киргизилген кырдаалда Конгресс Байденди АКШнын президенттик шайлоосундагы жеңүүчү деп тапты

«Шайлоонун жыйынтыгы менен таптакыр макул эместигиме жана фактылар ошону далилдеп жаткандыгына карабастан, 20-январда бийликтин иреттүү өткөрүп берем» — деген Трамптын сөзүн анын жардамчысы Дэн Скавино билдирди. «Бул президенттик тарыхтагы Американы кайрадан улуу кылуу үчүн күрөшүбүздүн башталышы гана»,-деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM