Биз менен байланышыңыз

Зеленский АКШ менен Канада бийлигинен учакка байланыштуу далил сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 569 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ, Канада жана Улуу Британия жетекчилерине «Фейсбук» аркылуу кайрылды. Ал Ирандагы украиналык учактын кулашына байланыштуу аталган өлкөлөрдүн кайрылууларын сындап, далилсиз экендигин айтты.

Зеленский азырынча кырсыктын чоо-жайын айтууга эрте экенин белгилеген.

Сьогодні комісія з розслідування причин катастрофи літака компанії «Міжнародні авіалінії України» продовжує роботу….

Опубликовано Володимиром Зеленським Четверг, 9 января 2020 г.

Учурда кырсыктын себеби изилденип жатканын, ракета менен урулган деген версия да бар экенин, бирок, азырынча тастыктала электигин билдирди. Ошондой эле, АКШ, Канада жана Британия бийлигин ЖМКга маалымат таратканын эске алуу менен, жетиштүү далилдери болсо, бөлүшүүгө чакырган.

Тегеранда кулаган украиналык учак Иран учурган ракетанын негизинде кырсыкка учураганын Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо айтып чыккан. Мындай пикирди Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да кубаттаган.


Канада: Украиналык учак Тегеран аткан ракетадан кыйрады


Буга чейин америкалык басылмалар да учактын кулашына Ирандан чыккан ракеталар себеп болушу мүмкүн экендигин жазып чыгышкан. Украиналык учак Иран генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу иретинде АКШнын Ирактагы базаларына сокку ургандан көп узабай кыйраган. Бирок Тегеран башынан эле кырсыктын ал чабуулдарга тиешеси жоктугун, учак техникалык себептерден улам кыйраганын айтууда.

«Боинг-737» украиналык учагы 8-январда Тегеранда аэропорттон учары менен эле кырсыкка кабылган. Кесепетинде учакта болгон 176 адамдын баары каза болду. Алардын арасында ирандыктардан сырткары 63 канадалык, 11 украин жарандары да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM