Connect with us

Трамп: Ирандын ракета чабуулунан бир да америкалык жабыркаган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 1232 | 0

Иран америкалыктардын Ирактагы базасына жасаган ракеталык соккусунан кийин 16 саат ойлонгон АКШ президенти Дональд Трамп, Иранга жооп берди. Трамп согуш жарыялабай турганын айтты, бирок тынчтык келишимин да сунуштаган жок.

Трамптын айтканына караганда, Ирандын соккусунан америкалыктардын бирөөсү да жабыркаган эмес.

«Иран артка чегинди окшойт, бул дүйнө жүзү үчүн жакшы нерсе», — деди АКШ лидери.

Ал эми Иран өз кезегинде, Ирактагы америкалык авиабазага жасалган баллистикалык ракета чабуулунан 80 адам каза болгонун айтууда.

Ак үйдө кайрылуу жасаган АКШ президенти Иранды террористтик уюмдар менен күрөшүүгө чакырды. Жана тынчтык үчүн аракет кылган өлкөлөр менен биригүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, аскердик базага жасалган чабуул үчүн Вашингтон Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизерин айтты.

Андан сырткары, АКШнын аскердик күчү да, экономикалык абалы да мурда болуп көрбөгөндөй мыкты экенин белгилеп, бирок бул Вашингтон аны колдонуу максатын билдирбей турганын кошумчалап койду.

Эске салсак, Иран январдын жетисинен сегизине караган түнү АКШнын Айн аль-Асаддагы базасына ракеталык сокку урду. «КУДС» аскердик бөлүгү бул чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экени белгилеген.


Иран сокку урган АКШнын аскердик базасында 80 адам каза болду


Эске салсак, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «КУДС» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси, 62 жаштагы генерал Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу боюнча АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан урулган аба соккусунан улам мерт болгон. Иран бийлиги өз учурунда бул аракети үчүн Вашингтондон өч алуу убадасын берген.


Генерал менен коштошууга 2 млн киши келип, 38 адам каза болду [фото]

Copyright © 2017 Maral FM