Биз менен байланышыңыз

Канада: Украиналык учак Тегеран аткан ракетадан кыйрады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 823 | 0

Тегеранда кулаган украиналык учак иран учурган ракетанын негизинде кырсыкка учураган. Мындай пикирин Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо изилдөөдө байкалган айрым булактарга таянып айтып чыкканын билдирди.

Оттавадагы жыйында Трюдо авиалайнерди жок кылуу атайын уюштурулбаганы мүмкүн экендигин, бирок учактын кулашына ошол ракетанын себеп болгондугун айтты.

Буга чейин америкалык басылмалар да учактын кулашына ирандан чыккан ракеталар себеп болушу мүмкүн экендигин жазып чыгышкан. Ал эми Тегеран бул тууралуу пикирин айта элек, алар учак технмикалык себептер менен кулаганын башында эле айтышкан болчу.

Ал эми иликтөөчү адистер учак кырсыгынын төрт версиясын карап жатышат. Алардын арасында дрон менен кагылышуу, кыймылдаткычтын жарылышы жана учакта бомба жарылган болушу мүмкүн деген да божомолдор бар.

Трюдонун айтымында, Иран кара жашикти өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Бирок Украина өкүлдөрү да изилдөө иштерине катышарын кошумчалады.

«Боинг-737» Украина эл аралык аба каттамы 8-январда Тегеранда аэропорттон учары менен эле кырсыкка кабылган. Кырсыкта учакта болгон 176 адамдын баары каза болду. Алардын арасында 63 канадалык жарандар да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM