Биз менен байланышыңыз

АКШнын Администрациясы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча маалыматтарды Конгресске бере баштайт

Кыска кабар | 4 Янв 2020 | 530 | 0

АКШнын Администрациясы келерки аптада Конгресстин тийиштүү мүчөлөрүнө Ирандын элиталык атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча атайын операция тууралуу маалыматтарды бере баштайт.

Бул тууралуу АКШнын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен кечээ айтканын малымат каражаттары жазып чыкты.

Биз Конгресске маалымат беребиз. Маалыматтын берилиши кийинки аптада күтүлүп жатат. Маалыматтарды угуу жабык жыйында болот. Конгресс менен бул боюнча жакшы диолог болот деп үмүттөнөбүз, — дейт ал.

Анын айтымында, Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча атайын операция тууралуу маалыматтар Конгресстин купуя маалыматтарга уруксаты бар мүчөлөрүнө, эки палатанын тийиштүү комитет башчыларына жана башкы мыйзамчыларга гана берилет.

Маалыматтарга караганда, генерал Касем Сулеймани жума күнү Багдад шаарында Трамптын буйругу боюнча абадан урулган соккудан кийин өлтүрүлгөн.


Ирандын командири Багдадда өлтүрүлдү


 

Copyright © 2017 Maral FM