Биз менен байланышыңыз

АКШ: грин-карта берүү шарттары татаалдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 1100 | 0

АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын администрациясына грин-карта берүү шарттарын күчөтүүгө уруксат берди. Эми Америка администрациясы туруктуу жашоо үчүн уруксат берүүгө жаңы эрежелерди киргизе алат.

Green Card алуу процедурасы, бийликтин ою боюнча, мамлекеттик жөлөк пулга үмүттөнгөндөр үчүн кыйындамакчы.

Чечим чыгарууга 9 сот катышты: алардын бешөөсү бул документти колдосо, төртөө  каршы чыккан.

Жаңы өзгөртүүгө ылайык, англис тилин төмөн билген, өзүн толук камсыздай албаган, жумушка орношууда кыйынчылык жараткан же эмделүүнү талап кылган, ден-соолугунда мүчүлүштүгү бар жарандарга грин-карта алууда кыйынчылык жаралат.

Бул өзгөртүүлөрдүн учурда Америкада качкын макамында, же муктаждыктын айынан жүргөн, бирок АКШ жарандыгы жок 22 миллион адамга көбүрөөк зыяны тийиши мүмкүн.

Green Card — АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM