Президент Садыр Жапаров «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 21-январда билдирди.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына мыйзамга кол койгонун жазып, мыйзамда бир гана талаш маселе бар экендигин айткан.
«Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул Кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени Кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер Кыдырууга чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек. Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп
3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин Кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат. Ушул кантип болсун. Үй-бүлөсүн эң жок дегенде тамак-аш менен толук камсыз кылып коюп анан Кыдырууга чыкса болбойбу», — дейт президент.
Ошондой эле Жапаров дааватты мечиттерде, тойдо, жарандарды акыркы сапарга узатууга чогулган жерде, эл чогулган базарларда айтууга болоорун айткан. Бирок кыдыруу эрежесинин баарын Муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазуу сунушун берди.
«Муфтият менен Аалымдар кеңеши тарабынан талаптарды коюп, эрежелерди так жазып, баарын ирээтке келтирип алып, анан үймө-үй кыдырууну улантсак мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы болот».
Кабыл алынган мыйзам менен укук бузуулар жөнүндө кодекске төмөндөгүдөй мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликтерди белгилеген өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– эмгекке жана кызматтык ишке байланыштуу, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөр боюнча жүзүн жапкан кийимдерди кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жарандын өздүгүн идентификациялоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийгендиги үчүн;
– абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы же болбосо аны жүзөгө ашырууга мажбурлап, психологиялык күч колдонуу жана өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулук же болбосо мындай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалган аракеттер, ошону менен катар башка динге ишенгендерди, диний бейтарап адамдарды жана атеисттерди өз динине киргизүүгө багытталган аракеттер үчүн;
– карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө диний жөрөлгөлөрдү, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды дин ишмерлерин, чет өлкөлүк диний уюмдардын насаатчыларын чакыруу менен өткөргөндүгү үчүн;
– диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү үчүн;
– диний адабияттарды, башка диний басылмаларды, аудио жана видео материалдарды коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында, ошондой эле турак жайларга баруу аркылуу тараткандыгы үчүн.