Connect with us

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына асма жолдун курулушу башталды

Кыска кабар | 25 Янв 2025 | 280 | 0

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жолдун курулушуна мезгил кутусу салынды. Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси Мирлан Бекенов жана парктын кызматкерлери катышты.

Каныбек Туманбаев ачып долбоор экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Асма жолдун курулушу — бул биздин мамлекеттин туристтик жактан кызыкчылыгын жакшыртууга багытталган стратегиялык маанилүү кадам. Президенттин тапшырмасы менен биз өлкөбүзгө келген коноктор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү жана экотуризмдин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз»,— деди ал.

Асма жол австриялык инвесторлор тарабынан ишке ашары, биринчи этапта бир чакырым жерге куруу пландалып, 10 млн евро каралганы маалым болду. Курулуш ишин ушул жылдын күз айларында бүтүрүү мерчемделип, долбоордун экинчи этабында 23 чакырым жерге куруу мерчемделип жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM