Биз менен байланышыңыз

Трамп: АКШда октябрда коронавируска каршы массалык эмдөө башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 480 | 0

АКШда коронавируска каршы калкты массалык эмдөө октябрь айында башталат жана ушул жылдын аягында 100 миллион доза вакцина даяр болот. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп айткандыгын Интерфакс агенттиги жазды.

«Биз вакцинаны өтө коопсуз жана эффективдүү түрдө жеткирүү жана бөлүштүрүү багытындабыз. Муну октябрь айынан баштасак болот деп ойлойбуз«, — деди Трамп Ак үйдө өткөн пресс-конференция учурунда.

Трамп кошумчалагандай, вакцина Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы тарабынан жактырылгандан кийин, АКШ миллиондогон дозада вакцинаны өндүрө баштайт. Жылдын аягына чейин өлкөдө жок дегенде 100 миллион доза коронавирус вакцинасы колдонууга даяр болот.

Трамп ошондой эле АКШнын администрациясы өлкөнүн ар кайсы шаарларына вакцина жеткирүүнү вакцина башталган күнү же эртеси баштоого мүмкүндүк берген план даярдагандыгын эске салды.

АКШнын Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министрлигинин өкүлү Пол Мангонун айтымында, учурдагы шарттар 2021-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин ар бир америкалыкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM