Connect with us

Соклукта мечиттен өрт чыкты

Кыска кабар | 25 Янв 2025 | 287 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунда 24-январ күнү кечинде эки кабаттуу мечитте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү 24-январ күнү саат 20:15те белгилүү болгон. Окуя болгон жерге 4 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүшүп, 22:12де чектөөгө алынган.

Ал эми тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен мечиттин 900 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM