Биз менен байланышыңыз

Ирандын командири Багдадда өлтүрүлдү

Кыска кабар | 3 Янв 2020 | 1246 | 0

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири  Касем Сулеймани өлтүрүлдү. Чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал жума күнү Багдад эл аралык аэропортуна жасалган аба соккусунда каза болду.

Муну Ирактын мамлекеттик телеканалы ырастады. Пентагондун өкүлү бул АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен ишке ашырылган аскерий операция болгонун ырастады. Ошондой эле былтыр апрель айында  АКШнын  катчысы Сулейманини «террорист» деп атаган.

Касем Сулейман менен бирге «Элдик мобилизация күчтөрү» кошуунунун өкүлү Абу Махди ал-Мухандис да өлтүрүлдү. «Associated Press» агенттиги жеке булактарына таянып, Сулеймани түшкөн учакка Багдад эл аралык аэропортуна конгон учурда сокко урулганын жазды. Агенттиктин маалыматы боюнча ал Ливан же Сириядан келаткан.

Касем Сулеймани Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири болгон. «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM