Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда Жазаларды аткаруу кызматынын 70 кызматкери батирлүү болушту

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 514 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 70 кызматкерине Жалал-Абад шаарындагы жаңы үйлөрдүн батирлерин тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биз силердин ишиңер кандай оор экенин билебиз. Сиздер калктын эң оор бөлүгү менен иштейсиздер. Бирок кайсы бир учурга чейин силердин ишмердүүлүгүңөргө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келди. Азыр көпчүлүгү өзгөрдү. Акыркы учурда силердин көпчүлүк кесиптештериңер көптөн күткөн батирлерин алышты. Мындай кубанычка бүгүн силер дагы жеттиңер. Ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда күткөн мына ушул жакшы саамалык куттуу болсун, чын жүрөктөн куттуктайм, — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы мекеме жетекчилигинин өжөрлүгүнүн негизинде ички реформалар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле калк жыш жайгашкан жерлердеги колонияларды жана тергөө абактарын шаардан тышкары которуу долбоору даярдалып жатканын айтып берди.

Премьер-министр үйдүн короосундагы балдар аянтчасын жабдуу үчүн 100 миң сом тапшырды.

Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер үчүн 5 кабат үй 2017-жылы майда салынып баштаган. Анда бир жана эки бөлмөлүү 70 батир бар.

Copyright © 2017 Maral FM