Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 18,9% өстү

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 457 | 0

Быйыл расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3%ды түздү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Республиканын шаарларынын жана облустарынын арасында расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли — Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган. Эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда 7,3% болуп белгиленген.

1-ноябрга карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102,9 миң жумушсуз адамды түзгөн. Ал 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 миң адамга же 12% көп. Алардын 46,6% (48,0 миң адам) аялдар түзөт. Ошону менен бирге расмий түрдө жумушсуз макамын алгандар 83,3 миңге жеткен. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 18,9% көп.

10 ай аралыгында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139,5 миң адам кайрылган. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 2% көп (136,1 миң адам). Алардын 60% (84,5 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан.

Январь-октябрь айларында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 миң 728ди түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 миңге аз болгон. Бош орундар арасында суроо-талап жумушчу адистиктерге жогору. Ушул жылдын 1-ноябрына карата 5 миң 203 бош орунга суроо-талап болгон эмес. Бир бош жумуш ордуна 20 адам көрсөтүлгөн. Ал былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 адамга көп.

Ушул жылдын 1-ноябрына карата каттоодон 41,1 миң жумушсуз жаран чыгарылган. Анын ичинде 18,9 миң жумушсуз же 46,1% жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар болгон. Кесиптик окутуудан өткөн соң 2 миң 658 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM