Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдүн 2 кызматкерин табууга чет өлкөдөн кошумча күч тартуу сунушталды

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 421 | 0

Депутат Руслан Чойбеков «Кумтөр» алтын кенинде жоголгон эки кызматкерди табууга кошумча күчтөрдү тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал Парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты. Өз сөзүндө ал кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары создугуп кеткенин, ага кошумча күчтөрдү тартуу зарылдыгын белгиледи.

11 күндөн бери «Кумтөр» алтын кениндеги урандынын алдында калган эки адамды издөө жумуштары жүрүүдө. Эмнегедир издөө иштери созулуп кетти. Ооба, жоголгон адамдарды издөө жумуштары өтө татаал жана катаал шартта жүргүзүлүп жатат. Менимче, Казакстан, Кытайдан, Орусия сындуу өлкөлөрдөн да кошмча күчтөр тартылса жакшы болмок, — деди депутат Руслан Чойбеков.


«Кумтөрдө» жоголгон жарандарды 92 куткаруучу издеп жатат


Эске сала кетсек, 1-декабрда Кумтөр кенинде түнкү нөөмөттө иштеген эки кызматкердин жоголгондугу билинген. Алардын бири бульдозердин айдоочусу, экинчисинин мастер болгон.

Copyright © 2017 Maral FM